Совет

Википедия дан
Совет, Кадамжай району‎»‎ барагынан багытталды)
Совет
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Баткен облусу

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

1 280 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

СоветКыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Совет айыл аймагына кирет.

Баткен облусунун административдик борбору ― Баткен шаарынан 180 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 8,4 км. Калкы 1,2 миң (2002). Негизинен кыргыз (53%), өзбектер (23,1%), ошондой эле орустар (7,7%), тажик (6,2%), татарлар(4,7%) жана башта улуттар (4,5%) жашайт. Калкы шаарчадагы жалгыз өнөр жай ишканасы –“Кан өнөр жай комбинаты” АКда эмгектенишет. Комбинат мектепке, бала-бакчага жана үй тиричилитерине керектүү эмеректерди, металлдан жана резинадан жазалган техникалык буюмдарды чыгарат. Шаарчада кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйү, китепкана бар. Мурда Кан деп аталып, Кокон хандыгынын аскердик чеби болгон.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 1 280 киши.[1]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.