Абдраимов кыштагы
Абдраимов кыштагы, Арпачы, Совет Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеңеш айыл өкмөтүнүн борбору Кар-Үңкүр суусунун оң жээгинде, Ош-Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 3 км түндүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 км. 1886-ж. отурукташкан. Калкы 8400 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, сауна, кафе, ашканалар иштейт. Эки орто жана башталгыч мектеп, маданият үйү, амбулатория, учук диспансери, дарыкана, автомобилге май куюучу 2 станция, мечит жана башкалар бар. Кыштак мурда Арпачы, Мужикайыл, Никольский, Совет аталган; 1996-ж. Социалистик Эмгектин Баатыры К. Абдраимовдун ысмы берилген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1