Мазмунга өтүү

Согдулуктар

Википедия долбоорунан

Согдулуктар – биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын ортосунда Зеравшан өрөөнүндө жашашкан Орто Азиядагы байыркы чыгыш иран эли. Согду мамлекети б.з.ч 9-7-кылымда негизделген.

Согду мамлекетинин негизги калкы. Согдулуктардын басып алуучулук ишмердүүлүгү соода-сатык турмушу, коомдун ичиндеги жалпы социалдык-экономикалык жана саясий процесстердин өнүгүшүнө байланышкан. Согдулуктардын басып алуучулук багытынын бири Теңир-Тоо аймагы болгон. Алардын ээликтери Орто Азиядан тышкары, Улуу Жибек жолун бойлой Чыгыш Түркстанда жайгашкан. С. көптөгөн шаарларды негиздешкен. Аларда соода-сатык, кол өнөрчүлүк, сүрөт өнөрү, согуш искусствосу, илим жана башка өнүккөн. Орто Азиянын тарыхына таасир тийгизишкен.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]