Мазмунга өтүү

Соданбек Жали

Википедия — ачык энциклопедия

Соданбек Жали (12.07.1948-ж.т., Нарын шаары — кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1991), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2006).
1973-ж. Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн.
1973-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында кинорежиссёр болуп иштеген. Бир катар кыска метраждуу документ фильмдерди, "Процесс", "Не ищи объяснения", "Дилетант", "Гибель во имя рождения", "Переполох", "Будь что будет" деген көркөм фильмдерди жараткан. Көп фильмдери чет өлкөлөрдө коюлган.

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлдөй терең махабат баяны Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
Жали Соданбек: "Бир мезгилде окуучу да, аскер да болгом " Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine