Соктоев, Игнатий Александрович
Көрүнүш
Соктоев Игнатий Александрович (1926-жылы туулган, Бурятия) – тарых илиминин доктору (1976), профессор (1978). Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1956-жылы Бурят педагогикалык институтун бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин ошол эле институтта окутуучу, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, профессор, Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда сектор башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. Анын эмгектери негизинен Кыргызстандын совет доорундагы саясий тарыхын изилдөөгө арналган. Ата Мекендик согуш ордени, медалдар менен сыйланган.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.