Сокулук кум-шагыл кени
Көрүнүш
Сокулук кум-шагыл кени Чүй облусунун Сокулук районунда, Сокулук кыштагынан 8 км түштүктө. 1986-ж. чалгындалган. Кендин геол. түзүлүшүнө, Сокулук суусунун өзөнүнүн жана анын биринчи кашатын түзүүчү кум-чопо аралаш шагыл-койташ материалдары катышат. Кум-шагылдын гранулометриялык курамы: 700–70 мм – 41%, 70–5 мм – 41%, 5 ммден майдасы – 18%. Кум-шагыл кошундусу майдаланып, иргелип, жуулгандан кийин курулуш материалы катары колдонулушу мүмкүн. Запасы А категориясы боюнча 387 миң м3, В – 727 миң м3 С1– 1031 миң м3, А+В+С1–2145 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7