Соломон аралдарынын доллары
| Соломон аралдарынын доллары (кырг.) | |||||
|---|---|---|---|---|---|
|
Solomon Islands Dollar (аңгл.) | |||||
| |||||
| Коддор жана белгилер | |||||
| ISO 4217 коддору | SBD (090) | ||||
| Символдор | SBD | ||||
| Жүгүртүү чегарасы | |||||
| Эмитент | |||||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
| Бөлчөктүү | Цент (1⁄100) | ||||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
| Монеталар | 10, 20, 50 цент жана 1, 2 доллар | ||||
| Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100 доллар | ||||
| Тарыхы | |||||
| Киргизүү этабы | 24.10.1975—01.10.1976 | ||||
| Мурда колдонулган валюта | Австралия доллары | ||||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
| Эмиссиялык борбор | Соломон аралдарынын улуттук банкы | ||||
| www.cbsi.com.sb | |||||
| Банкнота өңдүрүүчү | De La Rue | ||||
| www.delarue.com | |||||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
Соломон аралдарынын доллары (белгиси: SBD; коду: 090) — Соломон аралдарынын улуттук валютасы[1]. 1 соломон аралдарынын доллары 100 центтен турат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Британ бийлигинин астындагы жылдарда Соломон аралдарынын расмий акча бирдиги болуп соломон аралдарынын фунту, андан кийин австралия фунту жана австралия доллары болгон.
Соломон аралдары доллары 1977-жылдын 24-октябрынан баштап австралия долларынын ордуна жүгүртүлө баштаган[2]. Валютанын аталышы Австралия валютасынын урматынан коюлган[3].
1978-жылы эгемендүүлүк алгандан тартып жаңы валюта жаш мамлекеттин расмий акча бирдиги болуп калган. Эки жыл боюу соломон аралдарынын доллары австралия долларына байланган.
1983-жылы Соломон аралдарынын Өкмөтү жергиликтүү валютанын курсун австралия долларына барабар деп бекитип, валютанын кунун бекемдөөгө жетишкен. 1997-жылы декабрда Өкмөт АКШ долларына карата 20% девальвация жүргүзгөн[4].
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 1 жана 2 центтик монеталарды чыгарууну токтоткон, анткени металлдын баасы кыйла жогорулап кеткен. 2012-жылы чыкан монеталардын акыркы сериясы 10, 20, 50 цент, ошондой эле 1 жана 2 доллар номиналдарынан турат.
- 1 цент, реверс
- 2 цента, реверс
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1977-жылы 2, 5 жана 10 доллар номиналындагы, 1981-жылы 20 доллар номиналындагы, 1986-жылы 50 доллар номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Купюралардын бир бөлүгү полимердин негизиндеги материалдарга басылган. 1986-жылга чейин чыгарылган банкноттордо англиянын ханышасы Елизавета II портрети чагылдырылган. 1986-жылдан кийин Соломон аралдарынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн купюралар жүгүртүүгө чыгарылган[5].
2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 100 долларлык купюраны чыгарган. Жаңы купюраны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө чечим Борбордук банктын сактоочу жайында накталай купюралардын азайышына байланыштуу кабыл алынган[5].
Алмаштыруу курсунун режими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Базардагы курсу |
|---|
| Google Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| Yahoo! Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| XE.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| OANDA.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |