Солтобаев Айбек Эшкожоевич

Википедия дан

Солтобаев Айбек Эшкожоевич (19. 2. 1975, Кайсар айылы -2009-ж. ошол жер) - көк бөрүчү, эл аралык спорттун чебери.

  • 1992-ж. орто мектепти аяктагандан улак тартыш менен машыгып келген.
  • 1995-жылдан Суусамырда, кийинчерээк «Рассвет» командасынын курамында болгон.
  • Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгында 1-даражадагы, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде 3-даражадагы, 2002-ж.
  • Нооруз майрамында, Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесинде, Астана шаарынын (Казакстан) 5 жылдык мааракесинде 1-дара-жадагы, Президенттик көк бөрүдө 1-даражадагы дипломдор менен, «Көк-Бөрү» эл аралык турниринде алдыңкы «Кыргызстан-1» улакчысы наамын алып, баалуу сыйлык менен сыйланган.
  • 2001-жылдан Президенттик кубокторго жана чет мамлекеттик турнирлерге үзгүлтүксүз катышып турган.
  • Көптөгөн Ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланган.
  • Эл аралык спорттун чебери наамын бир нече жолу алган.
  • Суусамыр кыштагында жаш муундарды улак тартуу боюнча машыктыруу менен алектенип келген.
  • Ал катышкан көк-бөрү улуттук оюнунун командасы 10 жолу жеңил автомашина менен сыйланган.
  • Кырбаш уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9