Мазмунга өтүү

Солтобаев Асылбек

Википедия — ачык энциклопедия

Солтобаев Асылбек – акын. Талас районунун Жон-Арык айылында 1946-жылы 3-октябрда туулган.

1964-жылы Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко атындагы мектеп-интернатты аяктап, 1965-1971-жж. Фрунзедеги политехникалык институттан билим алып, архитектор адистигине ээ болгон. 1971-1976-жж. Кыргыз суу чарба, өнөр жай курулуш, Фрунзе шаар долбоорлоо институттарында эмгектенип, 1977-1980-жж. Талас шаарынын, 1981-1988-жж. Талас облусунун башкы архитектору, 1989-1992-жж. Кыргыз техникалык университетинде жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университеттеринде окутуучу болуп иштеген. Учурда Талас мамлекеттик университетинин доценти.

Акындын «Чолпонбайдын ыры», «Манас шаңы», «Манас - Чыңгыз улуу мурас, кош жылдыз» ж.б. ырлары «Талас турмушу», «Дабан», «Уста» гезиттеринде басылып чыккан.

1979-жылы Кыргыз Совет Энциклопедиясынын 4-томунун авторлорунун бири.

Ал сүрөт тартат, обон чыгарат жана илимий иштер менен алектенет.

2003-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору» наамын, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисин алган.

2007-жылы Таластагы «Манас Ордо» комплексиндеги Манастын жана кырк чоронун айкелин жасап, куруудагы эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

1974-жылдан СССР жана Кыргыз Республикасынын архитекторлор, 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бечара: Поэма. - Б.: Шам, 1997. - 95 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]