Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр

Сомали — беш федералдык аймактан жана өз алдынча мамлекет деп өзүн жарыялаган Сомалилендден турган федеративдүү республика[1]. Де-факто, Сомалинин түндүк бөлүгү автономдуу мамлекет катары өзүн эсептеген Пунтленд автономдуу аймагы менен Сомалиленддин ортосунда бөлүнгөн[2]. Борбордук Сомалиде, Пунтленддин түштүгүндө жайгашкан Галмудуг дагы өз алдынча аймактык бирдик болуп эсептелет.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сомали Федералдык Республикасындагы автономдуу аймактарынын так саны менен чек араларын аныктоо милдети Федералдык Парламентке жүктөлгөн[3]. Бул максатта 2014-жылдын декабрында парламент чек ара жана федералдаштыруу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул комиссия өлкөнүн курамындагы аймактардын, провинциялардын чек араларын аныктоо жана аймактар ортосундагы талаштарды чечүү милдетин аткарып келет.
Пунтленд — Сомалинин түндүк-чыгышында жайгашкан автономдук аймак. Галмудуг — Сомалинин борбордук бөлүгүндөгү автономдук аймак. Жубаленд — Сомалинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан автономдук аймак. 2014-жылдын ноябрында Сомалинин Түштүк-Батыш автономдук түзүлүшү түзүлгөн. Хиршабелле аймагы 2016-жылдын октябрында уюшулган. Түндүк-Борбордук аймакта жайгашкан Хатумо аймагы 2023-жылы федералдык бийлик тарабына расмий таанылган.
Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сомалиленд — Сомалинин түндүк-батышында жайгашкан, де-факто көз карандысыз, жарым-жартылай таанылган мамлекет. 1991-жылдын май айында түндүктөгү уруулар Сомалинин 18 административдик аймагынын 5 камтыган көз карандысыз Сомалиленд Республикасынын түзүлгөнүн жарыялашкан[2]. Сомалиленд бир да өлкө менен толук кандуу дипломатиялык мамилелерди түзгөн эмес. Сомалинин маалыматына ылайык, Сомалиленд анын түндүк-батыш бөлүгүн ээлеп, өлкөнүн жалпы аймагынын болжол менен 27,6% түзөт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Сомалилендди Сомалиден бөлүнүп чыккан же автономдуу аймак катары гана тааныйт. Иш жүзүндө, Сомали өз көз карандысыздыгын бекемдөөнү көздөгөн Сомалилендди башкарбайт.
Федералдык мамлекеттин административдик бирдиктери же союздаштары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Галмудуг. 2014-жылдын 14-октябрында кол коюлган макулдашуунун негизинде, де-факто 2015-жылдан тарта Химан жана Хеб аттуу автономдуу түзүлүштөрү менен биригип, натыйжасында Сомалинин Борбордук аймактарынын мамлекети түзүлгөн[4].
Жубаленд (1998—1999, 2010—2011, 2013-жылдан тартып). 2014-жылга карата Сомалинин Федералдык өкмөтү менен союздаш, «Харакат аш-Шабаб» тобуна каршы турган көз карандысыз түзүлүш болуп саналган. 2014-жылдын ноябрында Жубаленддин аскердик күчтөрү Сомалинин Федералдык өкмөтүнүн армиясына интеграцияланган[5][6]. Ал Төмөнкү Жубба, Орто Жубба жана Гедо провинцияларын көзөмөлдөйт.
Пунтленд (1998-жылдан тартып). Федеративтик Сомали мамлекетинин курамына кирүүнү пландап жатат, ал эми 2010-жылга чейин радикалдуу исламисттерге каршы күрөшүүдө федералдык өкмөттүн негизги тарапташы болгон. Бул аймакта 2014-жылдын январь айында кезектеги президенттик шайлоо өткөн[7].
Сомалинин Федералдык Өкмөтү. Сомалинин расмий борбордук бийлиги болуп саналат. Ал 2012-жылы 20-августа Улуттук убактылуу өкмөттүн ордуна түзүлүп, өлкөнүн федералдык түзүлүшүнө ылайык башкарууну жүргүзөт. Федералдык өкмөт өлкөнүн аймактык штаттары менен кызматташып, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана мамлекетти калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Сомалинин эл аралык деңгээлде таанылган борбордук бийлиги болуп саналат[8].
Хиршабелле (2016-жылдан тартып). 2016-жылдын 9-октябрында федералдаштыруу процессинин алкагында Хиран жана Орто Шабелле аймактары биригип, жаңы Хиршабелле убактылуу администрациясын негиздешкен. Бул администрациясынын жаңы борбору болуп Жоухар шаары жарыяланган.
Түштүк-Батыш Сомали (2002—2006, 2014-жылдан тартып). 2014-жылдын март айында жаңыдан түзүлгөн Түштүк-Батыш Сомали Сомалинин Федералдык өкмөтүнө баш ийген автономдуу мамлекет макамына ээ болгон. Ноябрь айында бул мамлекеттин конституциясы бекитилген[9]. Төмөнкү Шабелле, Бай жана Баколь провинцияларын көзөмөлдөйт.- Сомалинин Борбордук аймактарынын мамлекети (2015-жылдан тартып). Сомалинин Федералдык өкмөтү тарабынан борбордук аймактарында түзүлгөн.
Исламий администрациялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сомалидеги мамлекеттик түзүлүштөрдүн аймактык курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кээ бир аймактар талаштуу аймактар болуп эсептелет жана бир нече мамлекеттик түзүлүштөр аларды өз административдик курамына киргизип карашат.
- Сомалиленд
- Аудаль (Борама)
- Вокои Галбеед (Харгейса)
- Габили (Габили)
- Тогдер (Буръо)
- Сахил (Бербера)
- Санаг (Эригабо)
- Соль (Ласъанод)
- Салал (Сайла)
- Сарар (Айнабо)
- Одуэйне (Одуэйне)
- Хауд (Балегубадле)
- Айн (Буходле)
- Пунтленд
- Бари (Босасо)
- Каркар (Кардо)
- Мудуг (Галькайо)
- Нугаль (Гароуэ)
- Санаг (Эригабо)
- Соль (Ласъанод)
- Бадхан (Бадхан)
- Бохаро (Дахар)
- Айн (Буходле)
- Түштүк-Батыш Сомали
- Бей (Байдабо)
- Баколь (Худдур)
- Төмөнкү Шабелле (Марка)
- Галмудуг
- Мудуг (Галькайо)
- Хобьо (Хобьо)
- Жубаленд
- Гедо (Гарбахаррей)
- Ортоңку Жубба (Буале)
- Төмөнкү Жубба (Кисмайо)
Сомалинин аймагындагы мурунку мамлекеттик түзүлүштөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Авдаленд
Азания (2011—2013)
Маахир (2007—2009)
Нортленд (2008—2009
Сул-Санааг-Айн
Хатумо (2012—2018)
Химан жана Хеб
Мурунку исламий администрациялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Хизбул-Ислам (2009—2010; 2012—2014) — «Харакат аш-Шабаб» менен атаандаш болгон куралдуу топ. Бирок кийинчерээк жеңилүүгө учурап, «Харакат аш-Шабаб» менен бириккен.
Исламий соттордун бирлиги (1993—2006) — көтөрүлүшчүлөр кыймылы, бул кыймыл жеңилгенден кийин «Харакат аш-Шабаб» түзүлгөн.
Ахлю ас-Сунна ва-ль-Жамаа (ASWJ; 1991—2018) — куралдуу уюм, кийинчерээк Галмудуг менен бириккен.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Ministry of Planning, Investment and Economic Development. Federal Member States (FMS)
- 1 2 The World Factbook. Somalia
- ↑ The Federal Republic of Somalia. Draft Constitution Technical Review Committee. Somali Federal Republic, Mogadishu, 12th June 2012
- ↑ News Analysis: Somali PM faces huge task to form a cabinet accepted by parliament
- ↑ Somaliland Sun. Somalia: Jubaland Soldiers Defect to Federal Army
- ↑ Garowe Online. Somalia: Jubaland forces officially integrated into Nat’l Army
- ↑ Бириккен Улуттар Уюмунун Сомалидеги жардам берүү миссиясы. UN Envoy to Somalia congratulates Puntland
- ↑ Forum on China-Africa Cooperation. Somalia: UN Envoy Says Inauguration of New Parliament in Somalia 'Historic Moment'
- ↑ SOMALIA: South-west state endorses a new constitution
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр | |
|---|---|
| Таанылбаган мамлекеттер |
|
| Автономдуу федеративдик мамлекеттер | Жубаленд (2013) • Галмудуг (2006) • Пунтленд (1998) • Хиршабелле (2016) • Түштүк-Батыш Сомали мамлекети (2014) |
| Ислам жамааттары |
|
| Мурунку мамлекеттик түзүлүштөр |
Хатумо (2012-2018) • Сомалинин борбордук аймактарынын мамлекети (2014) • |
| Мурунку исламий администрациялар |
|