Сомали жарым аралы

Википедия дан

Сомали[1][2]Африка континентинин чыгышындагы жарым арал. Түндүктөн Аден булуңунун суулары, чыгышынан Инди океаны жууйт. Жарым аралдын түндүк-чыгыш учунда Гвардафуй тумшугу жайгашкан. Кеңири таралган, расмий картографияда кабыл алынбаганы менен жарым аралдын аты Африка мүйүзү (англ. Horn of Africa [3] [4] [5] [6]). Байыркы жана орто кылымдарда Билад аль-Барбар («Варварлар өлкөсү») [7] [8] [9] деп аталган.

Сомали Жарым аралынын картасы

Жарым аралдын аянтына негизинен Сомали мамлекетине, бир бөлүгү Эфиопияга, Эритреяга, Жибутиге кирет.

Жарым аралдын аянты болжол менен 750 000 км²

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Атлас мира, 2010
  2. Словарь географических названий зарубежных стран, 1986
  3. Stock, 2004
  4. Hodd, 2002
  5. Britannica, 2002
  6. Joireman, 1997
  7. Fage, Oliver, Anthony Oliver, 1977
  8. Huntingford, 1980
  9. Saeed, 1999