Соода тарифи
Соода тарифи - импортко бажы пошлинасы - бул соодага чек коюунун көбүрөөк таралган түрү.
Бажы тарифин киргизүүнүн натыйжасында биринчи кезекте керектөөчүлөр жапа чегишет, анткени тариф импорттук товарларга гана эмес, ата мекендик товарларга да бааны көбөйтөт. Ата мекендик товар чыгаруучулар сатуулардын көлөмүнүн өсүшүнүн жана баалардын жогорулашынын эсебинен утушка ээ болушат. Алардын утушу рента түрүндө болот. Жалпысынан, бажы тарифтери иш жүзүндө дайыма улуттун жыргалчылыгынын деңгээлин төмөндөтөт, анткени өндүрүүчүлөр менен мамлекет алыша тургандардын бардыгынан керектөөчүлөр көбүрөөк жоготушат. Тариф керектөөчүлөр импорттогон продукциянын кирешелерин башка социалдык топтордун пайдасына кайра бөлүштүрөт.
Тарифтерди киргизүү пайдасына өтө негиздүү себептер болуп коргоо тармактарында өзүн өзү камсыз кылуу зарылдыгына таянуу эсептелет. «Жаш» тармактарды чет өлкөлүк атаандаштыктан коргоо зарылдыгы, өлкөдө иш менен камсыз кылуу деңгээлин көбөйтүү, экономиканын монокультуралык мүнөзүн жоюу ж.у.с. менен байланышкан бардык башка себептер кылдат текшерилүүгө тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9