Сопубекова Дүйшөкан Асанбек кызы
Сопубекова Дүйшөкан Асанбек кызы Өрмөкчү жана саймачы. 1965-ж. Нарын районундагы Лахол айылында төрөлгөн.
Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын аспиранты. Энеси Кенжештин уздук нускасын алган. Дүйшөкан эки жүздүү термени, бир жүздүү термени бирдей согот. Анын тегиричинде төрт «мүйүз оюмдарынын» табакчаларынын жарымы колтук көчөт болуп түшөт да, «чычкан издери» ак-кара, кара-сарыдан жүрүп, көбүнчө ортолук көчөтүнө, колтук көчөтүнө көк-кызыл, кызыл-кара түстөрдү тандайт. Уз кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, тегирич боо, жабык баш боо өңдүү терме боо-чууларынын көркөм үлгүлөрүн энесинен алып, дал өзүндөй кооздукта түшүрөт. Анын саймаларында илме сайма (шибеге сайма) басымдуулук кылат да, ортолук табакчалардын көркөм каражаттарын «мүйүз оюмдарынан», «жарым кыял оюмдарынан», «бармак боочу оюмдарынан» алат. Саймаларында да энесинин, таенесинин таасири зор.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0