Сопубекова Кенжеш
Сопубекова Кенжеш Өрмөкчү-термечи. 1942-ж. Нарын районундагы Лахол айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Энеси Кымбаттын, кайын энеси Гүлсайымдын нускаларын алган. Мындан сырткары анын узчулугуна Изат Капсалаң келини, Ажыбүбү Көкүмбай келини өңдүү термечи уздардын таасири зор болгон. Кен-жешке 1989-ж. Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлиги «Биринчи сынактагы чебер сүрөтчү» деген наам берген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кенжеш эки жүздүү терме (буюмдун эки бетине тең көркөм көчөт түшөт) согуунун чыгааны. Ал желбоо үчүн 14-14 (28 тал) жипти алат. Аны өрмөк кылыш үчүн күзүктөөдө биринчи көк жип келет, андан соң кызыл, кайра көк алмашып түшөт. Эми муну эки жүздүү кылып терүүдө ал тал жиптер үстүнөн терилет. «Чагармак көчөтүн» түшүрүүдө үстүнө чыкчу тал жипти тергич аркылуу илип алып, астынан терилүүчү жипти колу менен басып аркак салат. Ошондо уз кызыл, көк, кара жиптерди күзүктөйт да, анын аркагы ак болгондо «чычкан изи» түшүп, «чагармагы» кызыл болуп калат. Ал эми кереге баш чалгычты бир жүздүү терме менен согуу үчүн уз күзүктөөдө четине кара жиптерди жүгүртөт. Ал «тап бердирүү» деп аталат. Андан кийин түгөйлүү ак жип «суусу» болот. Мындан «тоок көз» көчөтүн берүү үчүн күзүктөөдө «эки тап» бир түшөт. Ошондо ургаачы жип (астыңкы жип) күзүктөлүп, эркеги (үстүңкү жип) күзүктөлбөйт. Термечи өрмөк үстүндө «чагармак», «кош чагармак көчөтү», «кумурска бел көчөтү», «бадам көчөтү», «таңдай көчөтү», «жарык мүйүз көчөтү», «гүл көчөтү», «жарым чагармак көчөтү» өңдүүлөрдү арбын түшүрөт, тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү терме согулат. Анын жөнөкөй сызмадан, кара таардан же эшме жиптен бүткөрүлгөн үлгүлөрү да бар. Уз саканактарды бириктирип бекитүүчү сызманын энин уук тизгичтей алат. Аны бир жүздүү, эки жүздүү терме же жөнөкөй сызма түрүндө жасайт. Ууктун оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан уук тизгичти жети тал жип чалып, көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү терме кылып согот. Сызма түрүндө да жасайт. Үзүк боону туурдук боо, кереге чалгыч, жабык баш боодой кылып, энин бирдей алат. Эриш жиптерин өрмөккө бирдей түшүрөт. Кенжеш бетине ун-талкан, таруу, конок сыяктуу майдаланган эгин-тегинди элөөдө жана камыр жаюуда зарыл болтон буюм - супура да жасайт. Чебер буга жандыктын терисин жыдытат. Терини алешем кылып кургатып, керип чоюп аябай ийлейт. Анан бучкактарын кесип, өңдөйт - бордойт. Ал төрт бурч же тегерек болуп бычылат. Четтерин жарашыктуу жээктейт. Супураны төрт бүктөп, сыртынан тагылган боосу менен байлап, кереге башына илип коёт. Буюм урулгулуктуу болуш үчүн койдун териси алгылыктуу. Супурадагы ун-талкан эч качан сүрсүбөйт. Кенжештин үйүндө үйрөнчүктөрдүн мектеби бар. Кыздары Күлүкан, Дүйшөкан, Асылкан, келини Багдагүл мыкты өрмөкчү-термечилерден. Катышкан кергөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык көргөзмөсү». Терме шалчасы, куржуну үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1987 ж. Улуу Октябрдын 70 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Терме таар буюмдары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Ардак грамотасы; 1988 ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Терме куржуну үчүн «Кыял» Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Терме таар шалчасы, терме таар куржуну, терме таар тегиричи менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0