Мазмунга өтүү

Соттук териштирүүнүн үзгүлтүксүздүгү

Википедия — ачык энциклопедия
'Соттук териштирүүнүн үзгүлтүксүздүгү – сот өндүрүшүнүн жалпы принциптеринин бири. Анын маңызы арбир иш боюнча соттун жыйынынын үзгүлтүксүз (эсалуу үчүн белгиленген убакыттан башка) жүргүзүлүшүндө; аны териштирип бүтмөйүнчө соттун башка иштерди кароого акысыздыгында жатат. Бул судьяларда каралып жаткан иштин жагдайлары тууралуу бир бүтүн таасир калыптандырат. С. т. ү. соттолуучунун акыркы сөзүн угаар менен сот дароо кеңешүүчү бөлмөгө кирген, ал эми кеңешме бүтөрү менен өкүм жарыялаган эрежени сактоого өбөлгө түзөт. Өзгөчө жагдайларда гана айрыкча оор жарандык иштер боюнча негиздүү чечимдерди чыгаруу 3 күндөн ашпаган мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, ошентсе да анын резолютивдик бөлүгү ошол ишти териштирүү аяктаган жыйында жарыяланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]