Соттун чакыруу кагазы
Көрүнүш
Соттун чакыруу кагазы – сотко чакыруу жөнүндө ырасмий кабарлоо. С. ч. к-нда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: ким, ким катары, каякка, кимге жана кайсы убакытка чакырылгандыгы, ошондой эле чакырууга келбей койсо эмне болору (м.: күбө адам мажбурланып алынып келиши мүмкүн, ал эми айыпталуучуга – чектөө чарасы өзгөртүлүп, катуурагына алмаштырылышы ыктымал). С. ч. к. менен сотко күбөлөр, эксперттер, адистер жана котормочулар да чакырылат. С. ч. к. менен жарандарды тергөөчүгө (адепки тергөө жүргүзүүчүгө) чакыруу дагы жол-жоболоштурулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7