Сот адилеттигине укук
Көрүнүш
Сот адилеттигине укук – адамдын негизги материалдык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону кепилдөөгө багытталган жарандын процесстик укугу. Адатта: тез, эл алдында жана калыс сотко укугун; укукту коргонуу укугун; күнөөсүздүк презумпциясын; өзүнө жана өз жакындарына каршы күбөлөндүрбөө укугун; сотто мыйзамсыз жолдор менен табылган далилдерди колдонууга тыюу салуу укугун; соттолуучунун мыйзамда белгиленген тартипте өкүмдү жогорку баскычтагы сот тарабынан кайра каратууга укугун камтыйт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7