Мазмунга өтүү

Сот чечиминин аныктыгы (тактыгы)

Википедия — ачык энциклопедия

Сот чечиминин аныктыгы (тактыгы) – КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн процесстик мыйзамдарындагы доону канагаттандыруу же канагаттандырбоонун так талаптары; ага ылайык соттун чечиминде доонун канаттандырылгандыгы жана канагаттандырылбаганы жөнүндө так жазылуусу тийиш; эгерде доо канаттандырылса, доочуга эмне ыйгарылганы, анын кайсы укугу таанылганы, жоопкердин эмнеге милдеттендирилгени так айтылуусу керек. Белгилүү шарттарда гана аткарыла турган чечимдерди чыгарууга (шарттуу чечимдерди) жол берилбейт. Соттун субъективдүү укуктарды жана милдеттенмелерди ишке ашыруунун бирдей ыкмалары катары аркыл жолдорун алдынала кароо менен, теңата чечимдерди чыгарууга акысы жок. Мындай талап КР мыйзамдарында каралган эмес.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]