Соурбаев Оңолбек
Соурбаев Оңолбек (1934–2006) Аксы районунун Кызыл - Туу айылында 1934-жылы 15-сентябрда туулган. Москва шаарындагы мамлекеттик соода институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Кызыл-Кыргызстан колхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1951–1960-жж. Майлуу-Сай шахтасында шахтёр, 1960–1961-жж. Майлуу-Сай шаардык Кеңешинин катчысы, мектептин директору, 1961–1973-жж. Таш-Көмүр шаардык соода бөлүмүндө бөлүм башчы, соода бөлүмүндө улук инспектор, директордун орунбасары, директор, 1973–1987-жж. Кызыл-Жар совхозунда, керек-жарак коомунда иштеген. 1987–2005-жж. өзүнүн демилгеси менен Шамалдуу-Сай райондор аралык база куруп, миңдеген жумушчулар иш менен камсыз болушкан. 2005-жылы Шамалдуу-Сай шаарчасында асфальт-бетон заводунда директор болуп иштеген.
Ош облустук кеңешинин депутаты, Таш-Көмүр шаарынын үч чакырылышында депутат болгон.
1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ак сүйүү: Ырлар. – Жалал-Абад, 1995. – 52 б.
Өмүр: Ырлар. – Бишкек: Шам, 1997. – 140 б.
Гөйгөй: Ырлар. – Бишкек, 2004. – 204 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6