Социалдык бааракы
Көрүнүш
Социалдык бааракы – эмгектик ж. б. коомго пайдалуу иштерине байланыштуу бааракы алууга укугу жок (кандайдыр бир себептер боюнча) жарандарга карата белгиленүүчү мамлекеттик бааракы. С. б. төмөндөгүлөргө чектелет: I жана II топтогу майыптарга, анын ичинде бала чагынан берки майыптарга; 16 жашка чейинки майып балдарга; бир же эки ата-энесин жоготкон 18 жашка толо элек балдарга; 65 жана 60 жашка толгон жарандарга (эркек менен аялдарга).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7