Социалдык педагогика

Википедия дан

Социалдык педагогика – өсүп келе жаткан жаш муундарды коом мүчөсү катары калыптандыруу максатында жүргүзүлгөн таалим-тарбия иштеринин мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөөгө ж-а ага байланыштуу пед. кубулуштарды айкындоо, аныктоо милдетин аркалаган педагогика илиминин тармагы.

Адамдын коомдун мүчөсү, инсан катары жетилишин, калыптанышын көздөгөн социалдык тарбия ар кандай коомдук ин-ттар аркылуу ишке ашат. Аларга: үй-бүлөлүк тарбия, мамлекет тарабынан атайын уюштурулган таалим-тарбия, аскердик тарбия, өндүрүштүк тарбия, калк арасындагы агартуучулук иштер ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6