Мазмунга өтүү

Социалисттик реализм –

Википедия — ачык энциклопедия

Социалисттик реализм – советтик көркөм искусствонун жана көркөм сындын негизги чыгармачылык ыкмасы жана биздин доордун алдыңкы революциячыл көркөм искусствосу. Жаңы коомдук шарттарда адамзаттын көркөм өнүгүүсүнө терең революциячыл секирик жасоо менен социалдык реализмге чейинки реализмдин мыкты традицияларынын мыйзам ченемдүү уландысы жана өнүгүүсү болуп эсептелет. Ошондуктан С. р. элге ырааттуу жана толук кызмат кылуунун, бизди курчап турган чындыкты чагылдыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн, көркөм искусствонун чексиз, чыгармачылык прогрессин камсыз кылган реалисттик көркөм искусствонун жаңы сапаттагы жогорку формасы. С. р. – элдин кызыкчылыгы: анын турмушу жана күрөшү, анын эстетикалык талаптары менен ырааттуу жана органикалык байланыштагы көркөм өнөр ыкмасы. Бул ыкма өткөн мезгилде жана азыр эл түзгөн бардык нерселерди аяр сактайт, элдин идеялык, эстетикалык өнүгүүсүнө активдүү жардам берет. С. р. эстетикасындагы жогорку идеялуулук талаптары толук кандуу көркөмдүүлүк менен айкалышат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]