Социал Демократия

Wikipedia дан
Sots int.png


Социал Демократия - орто-солчулдардын саясий иделогиясы. Бул идеология, эгерде коом толугу м-н социализмге жетем десе анда коомдогу класстар жоюлбастан алар кайра бир бүтүнгө келиши керек деген түшүнүктү жактайт[1].

Социал Демкараттар м-н коммунисттердин эң башкы айырмасы, коммунисттер жашоого керектелчү бардык материалдар ж-а өндүрүш 100% мамлекеттин колунда болушу керек дешсе, социалисттер жеке ишкерлерге,менчиктерге контролдоп туруу м-н бирге эркиндик берилип, колунда жок адамдар мамлекеттин камкордугуна алынышы керек деп эсептейт.

Ошондой эле коммунисттердин түшүнүгүндө, мамлекет бардык тармактарды толугу м-н көзөмөлдөшү керек. Ал эми социал-демократтардын көз карашында болсо, мамлекет эң башкы, стратегиялык органдарды контролдошу керек.

Капиталисттик системада Социал Демократтар саясый реформаларды жүзөгө ашыруу аркылуу социализмди түптөөнү мүдөө кылышат. Социал Демократиялык кыймыл социалисттерди реформаларды аткарсын деп бийликке же бийликтин бир бутагына шайлашат.

Булак[оңдоо]

  1. Berman, Sheri. Social Democracy and the Making of Europe's Twentieth Century. Cambridge University Press, 2006. Pp. 2.