Мазмунга өтүү

Спендиаров Александр Афанасьевич

Википедия — ачык энциклопедия

Спендиаров Александр Афанасьевич (20. 10(1. 11). 1871, Каховка- 7. 5. 1928, Ереван) - советтик композитор, дирижёр, педагог, коомдук ишмер.

  • Армян ССРинин эл артисти (1926). Композиция теориясы боюнча Н. С. Кленовский (Москва) менен Н. А. Римский- Корсаковдон (Петербург) таалим алган.
  • Көп жыл Крымда жашап, өздүк хор, оркестрлерди уюштуруп, симфониялык концерттерде дирижёрлук кылган.
  • 1924-жылдан Ереванда жашап, муз. маданиятты өнүктүрүү үчүн көп кызмат кылган.
  • Армян музыкасынын классиги Спендиаров улуттук симфонияга негиз салган.
  • «Үч курма» (1905), «Үгүтчү Бэда» (1907) симфониялык чыгармалары жана «Виз эс алалы» (1910) аттуу обондуу декломациясы үчүн Глинка сыйлыгын (1908, 1910, 1912) алган.
  • «Алмаст» (1928) операсын, «Крым этюддары» (2 сюита; 1903, 1912), романстар, хорлор, аспаптык чыгармалар, ырлар жазган.

Армян опера жана балет театры Спендиаровдун ысмында.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.