Мазмунга өтүү

Спичрайтер

Википедия — ачык энциклопедия
Президент Барак Обама Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына сүйлөгөн сөзүнө даярдануу үчүн жыйын өткөрүүдө, Овалдык кеңседе, 2014-жылдын 22-сентябрында.

Спичрайтер (англ. speechwriting, [1] кырг. сүйлөөчү сөздү жазуу) – белгилүү жана абройлуу адамдардын эл алдына чыгып сүйлөй турган сөзүнүн текстин жазып берүүчү адис. Англисче «speechwriting» – «сүйлөөчү сөздү жазуу» дегенден алынган. Мындай адистер саясат тармагында көбүрөөк талап кылынат жана текст саясатчынын көзөмөлүндө жазылат. Мисалы, жазылгандан кийин кайсы жерине оӊдоп-түзөө киргизүү, эмнеге көбүрөөк басым коюу керектиги көрсөтүлөт. Спичрайтердин милдети – сүйлөнгөн сөз элдин эсинде сакталып жана жакшы таасир бере тургандай кылып сүйлөөчүнүн пикирин аудиторияга кызыктуу түрдө жеткирүү.[2]

  1. Cambridge Dictionary/speechwriter
  2. Kaplan Community Career Center/Speechwriter Job Description