Станалиев, Самсак

Википедия дан
Станалиев Самсак‎»‎ барагынан багытталды)

Самсак Станалиев (1950-жылы 11-сентябрда туулган) — кыргыз акыны, романчы, адабиятчы, жазуучу, сынчы, журналист, котормочу.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2020).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Станалиев Самсак Станалиевич Кетмен-Төбө өрөөнүндө, азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган.

1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергоку-рулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп баштаган.

1969–1971-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жж. Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коми-тетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.

2000–2001-жж. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышып, 2001-жылдан «Кыргыз Туусу» гезитинде саясий баяндамачы болуп иштеген. 2005-2011 «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Учурда Кыргыз жазуучуларынын ай сайын чыга турган «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Станалиевдин поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү»(1982), “Кыймыл” (1986), “Ылдамдык”(1990) деген ыр китептери жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон. Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыш-кан, ошондой эле С.Карачев, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору. «Токтогул району» (2005), «Бул эмне, ал ким?» (1987, 2004) аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири. 1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жазуучу Самсак Станалиев “Ак нурунан аккан жаш”(2004), Токтогулдун махабаты (2004), “Акзыйнат” (2004), “Атайдын күйдүмчогу” (2004), “Жүрөктөгү ыр”(2004), “Раймалы”(Э.Отунчиев менен бирге) (2005), “Залкарлар сүйгөн сулуулар” (2007) китебинде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт өңдүү залкар таланттардын тагдыр-турмушу оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаган.  

Самсак Станалиев 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” романын жазган. Бул роман орто мектепредин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ж. Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган.

Жарыяланган чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүнчү: Ырлар, балладалар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 28 б.

Кыймыл: Ырлар, балладалар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1986. – 72 б.

Ылдамдык: Ырлар, балладалар, поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 96 б.

Касым Тыныстанов («Чагылгандын көз жашы») Тарыхый роман. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. 2001. – 480 б.

Ак нурунан аккан жаш. Тарыхый очерк. Б.: “Учкун” ААК. 2004-ж. 72 б.

Токтогулдун махабаты. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 32-бет.

Акзыйнат. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 48-бет.

Атайдын күйдүмчогу.  Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 48-бет.

Жүрөктөгү ыр. Эссе.  Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 32-бет.

Раймалы. Эссе. (Э.Отунчиев менен бирге) Б.: “Учкун” АК. 2005-ж. 38-бет.

Залкарлар сүйгөн сулуулар. Аңгеме, эсселер, макалалар. – Б.: “Бийиктик”, 2007-ж. 152 б.  

Жылдын эң узак күнү: Роман. – Б.: “Гүлчынар”, 2007. – 362 б.  

Ак жарыктын айыкпаган сыныгы: Роман трилогия. – Б.: “Принт Экспресс”, 2018. – 752 б.


КОТОРГОН КИТЕПТЕРИ


Тихомиров О. Н. Чегиртке: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1981. – 128 б.

Одоевский В.Ф. Иреней чоң атанын жомокторунан. Ф.: Мектеп, 1985. – 46 б.

Toп жылдыз: Жаш акындардын ырлары. (С.Эралиев, А.Өмүрканов менен). Ф.: Адабият, 1990. – 128 б.

Айтматов Ч. Тоолор кулаганда (Кызкайып): Роман. – Б.: “Бийиктик”, “Турар”, 2008. – 272 б.

Манастын бала чагы. Эпос-жомок, Б.: “Раритет”, 2010. – 120 б.  

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]