Станислав Гроф

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Америкалык психолог жана чехиялык психиатр, медицина илимдеринин кандидаты, трансперсоналдык психологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана аң-сезимдин өзгөргөн абалын изилдөөдөгү пионерлердин бири, Орусиянын психологиялык коомунун ардактуу мүчөсү. Психология илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон.


1956-жылы Чарльз университетин бүтүргөн, 1965-жылы медицина боюнча докторлук диссертациясын жактаган. 1956-жылдан 1967-жылга чейин С.Гроф психоанализди активдүү изилдеп жаткан практикалык психиатр-клиник.


1961-жылдан тартып ал Чехословакияда психикалык ооруларды дарылоо үчүн LSD жана башка психикалык препараттарды колдонуу боюнча изилдөөлөрдү жетектеген. 1967-1969-жылдары Психиатриялык изилдөөлөрдү колдоо Фондунун (АКШ) стипендиясын алып, Джонс Хопкинс университетинде эки жылдык стажировкадан өтүп, андан соң Мэриленд психиатриялык изилдөөлөр борборунда изилдөөсүн уланткан.


1973-1987-жылдары Эсален институтунда (Калифорния, АКШ) иштеген. Бул мезгилде жубайы Кристина менен бирге ал холотроптук дем алуу техникасын иштеп чыккан, ал психотерапиянын, өзүн-өзү таануунун жана инсандык өсүүнүн уникалдуу ыкмасы болуп калды.


Учурда С.Гроф Калифорниянын Интегралдык изилдөөлөр институтунун психология бөлүмүнүн профессору, ошондой эле адистер үчүн тренинг семинарларын өткөрөт. Эл аралык трансперсоналдык ассоциациянын (ITA) негиздөөчүлөрүнүн бири, 1978-82-жылдары анын президенти.

100дөн ашык макаланын жана 20га жакын китептин автору жана авторлоштору.


Станислав Грофтун мыкты китептери:

The ultimate journey

The way of the phychonaut

Holotropic breathwork

The cosmic game...