Станоктук искусство –
Станоктук искусство – таза утилитардык функциялар же кандайдыр бир көркөм ансамбль менен байланышы жок, өз алдынча турган көркөм чыгармаларды бириктирген көркөм сүрөт искусствосунун бир бөлүмү (көркөм искусство синтези, Монументтик көркөм искусство, Жасалгалык-турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосу менен салыштыр). С. и. турмушту чагылдыруунун эң кеңири жана ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат. Анда героика менен сатирага, социалдык-конкреттүү жана фантастикалык-жомоктук нерселерге да орун табылат. С. и. чыгармаларына (станоктук картинага, станоктук сүрөткө, эстампка, станоктук скульптуралык портретке, топко жана башкалар) адатта образдардын кылдат, психологиялык жактан көп кырдуу мүнөздөмөсү жана форманын нюанстарынын көп түрдүүлүгү таандык. Бул нерселердин бардыгы монументтик көркөм өнөр чыгармаларына зарыл эмес, себеби ал бир топ алыс аралыктан кароого эсептелген. С. и. феодалдык орто кылымдан жаңы мезгилдин буржуазиялык коомуна кеткен жолдо коомдук турмуштун бардык жактарынын рев-ячыл өзгөрүүлөрүнүн натыйжасы катары Кайра жаралуу доорунан баштап эле тездик менен өнүгө баштаган. Бизди курчап турган чындыкты, айрыкча татаалдашып кеткен коомдук турмуштун, жеке тиричиликтин ар түрдүү жактарын так жана толук сүрөттөө талаптарын, лирикалык сезимдерди ийкемдүү жана кылдат ачып берүүгө, образдардын психологиялык тереңдигине болгон кызыгуу – мына ушул жаңы, алдыңкы идеялар көркөм сүрөттөөчү мүмкүнчүлүктөргө ээ ар түрдүү жана ийкемдүү жанрдык формалары бар, станоктук көркөм өнөр каражаттары менен гана толук ишке аша алмак. С. и-нун пайда болушуна жана өнүгүп-өсүүсүнө көркөм өнөрдүн товарга, кеңири колдонуунун предметине айланышы да зор таасир берди. С. и. көркөм сүрөт искусствосунун мүмкүнчүлүктөрүн болуп көрбөгөндөй кеңири өркүндөтө алды. Анын фонунда живопистин ар кыл жанрлары (тарыхый-турмуштук, портрет, пейзаж, натюрморт жана башкалар), графика (саясый сатира, плакат) толугу менен өнүгө алды; көркөм искусствонун бул түрлөрүнүн азыркы мезгилдеги көркөм техникалык каражаттары (мисалы, майлуу живопись техникасы) калыптанды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004