Степанищев Михаил Тихонович
Степанищев Михаил Тихонович - советтик аскер учкучу, эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944, 1945), майор (1944). 1944- жылдан КПСС мүчөсү.
- Дыйкан үйбүлөсүнөн.
- 1937-жылдан Кызыл Армияда.
- Ворошиловград аскер авиация мектебин бүткөн (1938).
- Улуу Ата Мек. согушта (1941-45) Түштүк, Сталинград, Түштүк-Батыш, 4-Украин жана 3-Белорус фронтторунда салгылашып, учкучтан авиаполктун командиринин орун басарлыгына чейин жеткен.
- 234 согуштук учуш жасаган. Согуштан кийин ААКта кызмат өтөгөн.
- Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 3-дараж. Богдан Хмельницкий, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский ордендери жана медалдар менен сыйланган.
- Липецкий облусунун Задонский районундагы Хмелинец кышаарында Степанищевге бюст орнотулган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.