Степан Крашенинников

Википедия дан

Крашенинников Степан Петрович (1711-1755), орус окумуштуусу, саякатчы, Түштүк Сибирди, Камчатканы изилдөөчү. Сибирди мүлдө кыдыра изилдеген, анын ичинде «качин татарлары» (“кыргыз-хакастар»), телеуттар, «тюлберские татары» (тулберттер – енисей кыргыздарынын бир бутагы) тууралуу маалымат берген алгачкы европа окумуштууларынан. С.П.Крашенинников Москвада 1711-ж. 11-ноябрында (анын биографы тарыхчы Г.-Ф.Миллер болгон) туулган. Лейб-гвардиянын катардагы аскеринин баласын казынан эсебинен 1724-ж. Москва Духовный академиясынын алдындагы славян-грек-латын академиясынын философия бөлүмүнө киргизишет. Өз учурундагы мыкты билимге ээ болгон С.П.Крашенинников бул жерде 1732-ж. чейин окуган. Ошол эле жылы мыкты окуган 12 окуучу менен Петербург университетинин алдындагы Академиялык гимназияга жиберилет. Камчаткага экспедицияга 5 кишини тандап алышып, аларга жарым жылдай географияны, ботаниканы, физика, зоологияны окутушкан. Андан соң, И.Г.Гмелин (1709-1755), Г.-Ф.Миллер (1705-1785) жетектеген Экинчи Камчатка экспедициясынын мүчөсү болуп калган. Экспедицияга аттанып чыккан жаштардын ичинен бир гана С.П.Крашенинников чыдай алганын В.Ломоносов кийин эскерген экен. Алгач, экспедицияда натуралист Гмелинге жардам берип, гербарий топтоого көмөктөшөт. Билимдүү жана шыктуу С.П.Крашенинниковго ынанышкандан соң, ага өз алдынча маршруттарда изилдөө жүргүзүүнү тапшырышат. Бул маршрут Түштүк Сибирдин элдери аркылуу өтө турган. Анын «Жол дептеринде» аталган аймактын жаратылыш шарты, климаты, жергиликтүү калктын этнографиясы ж.б. маалыматтар арбын кездешет. Адистердин пикиринде бул саякатчынын эмгектери изилдөөчүлөр үчүн маанилүү экендигин эскеришет. 1737-1741 жж. Камчатканы толук кыдырып, географиясын, фауна жана флорасы, жергиликтүү калк тууралу маалыматтарды жыйнаган. Камчаткадан кайра Якутск, Иркутск аркылуу кайтып келе жатканда да жергиликтүү калк, жаратылыш шарттары ж.б. малыматтарды кагаз бетине түшүргөн. Студент абалында экспедицияга чыккан С.П.Крашенинников салабаттуу окумуштуу болуп кайтып келген. Окумуштуу дарадасына ээ болгон саякатчы университетти, ботаникалык бакты ж.б. мекемелерди башкарган. Камчатканын жана Сибирь боюнча өз мезгилинин фундаменталдуу эмгектерин жазып, жарыкка чыгарган.