Стилдештирүү

Википедия дан

Стилдештирүү - белгилүү бир коомдук чөйрөнүн, тарыхый доордун, адабий агымдын, жанрдын, жазуучунун жеке манерасынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген тилдик материалдын жана кептик белгилердин негизинде көркөм баяндоону атайылап уюштуруу.

Объектиге жараша Стилдештирүү элдик оозеки чыгармачылыкка, белгилүү бир тарыхый доорго жана диалектилик өзгөчөлүктөргө ж.б. багытталышы мүмкүн. Стилдештирүү түрдүү идеялык-эстетикалык максатта (тарыхый баяндоо, коомдук катмарлардын турмушун чагылдыруу, сатира, пародия) колдонулат. Баяндоонун милдетине карай Стилдештирүүдө белгилүү бир тилдик элементтер жана ыкмалар актуалдаштырылат (М: тарыхый чыгармаларда лексика-семантикалык, фразеологиялык жактан эскирген сөздөр актуалдашат). Жанрдык Стилдештирүүдө биринчи планга тексттердин композициялык-кептик түзүлүшүнүн принциптери, синтаксистик курулушунун өзгөчөлүктөрү чыгат. Коомдук-кептик Стилдештирүүдө тандалып алынган коомдук чөйрөнүн кебинин фонетикалык, лексика-фразеологиялык, синтаксистик өзгөчөлүктөрү актуалдашат. Стилдештирүүнүн варианты болуп пародия эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4