Стилдик багыт

Википедия дан

Стилдик багыт — кыргыз поэзиясында турмуш көрүнүштөрүн чагылдырууда А. Осмоновдун, А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, Ч. Айтматовдун, Ж.Бөкөнбаевдин жана башка жазуучулардын өз стили бар. Ошондой болсо да ар бир акын-жазуучунун стилин жалпылап, алардын ортосунан биримдик таап, бир нече стилдик багыттарга шарттуу түрдө сыйыштырууга болот. Адабият таануу илиминде азыркы кыргыз поэзиясына төмөнкүдөй стилдик багыттар мүнөздүү экендиги белгиленип жүрөт: а) реалисттик стиль; б) романтикалык стиль; в) лирикалык-публицистикалык стиль, булар албетте шарттуу бөлүштүрүү, мунун айланасында ар кандай талаш-тартыштар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]