Стистикалык радиофизика
Стистикалык радиофизика – радиодиапазонго тиешелүү кокустан пайда болгон термелүүлөр жана толкундар катышкан кубулуштарды изилдеген радиофизика бөлүмү.
Бул багытта биринчи эмгек – Найквистин формуласы болот. 1928-ж. Найквист өткөргүч каршылыгынын чуусунун спектралдык тыгыздыгы менен электрондордун жылуулук кыймылынын байланышын көрсөткөн. Радиотолкундардын генераторлорунун, резонаторлорунун, толкун түтүктөрүнүн иштешинин теориясы, радиокабылдагычтардын өзүнүн чуусу, турбуленттүү атмосферада радиотолкундардын таралышы, радиосигналдарды кабыл алуу учурундагы табигый жана жасалма жолтоолор (помехи), радиолокация, радионавигация, алыскы радиобайланыш түзүү ж. б. Стистикалык радиофизика илимине кирет. Стистикалык радиофизиканын математикалык аппараты – кокустуктар функцияларынын теориясы жана ал классикалык ыктымалдуулук теориясынан да кеңири деп айтышат. Азыркы учурда болсо Стистикалык радиофизика - байланыштын статистикалык теориясында жана маалымат теориясында кеңири колдонулуп жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0