Стокгольм Университети

Стокгольм университети (швед. Stockholms universitet) - коомдук университет болуп саналат. Ал Швециянын Стокгольм шаарында 1878-жылы колледж катара ачылган, ал эми 1960-жылы университеттик статусун алган. Стокгольм университетинде эки илимий тармактары бар: табигый илимдери жана гуманитардык/социалдык илимдери. Анын юриспруденция, гуманитардык, математика жана табигый илимдер болуп төрт окуу факультетинде 70000ден ашуун студенттери бар. Ал Скандинавиядагы ири жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Дүйнөлүк университеттер академиялык рейтинги (ARWU) боюнча 100 мыкты жогорку окуу жайлардын бирине кирет. Ал эми QS World University Rankings жана Times Higher Education World University Rankings боюнча университетти 200 мыкты жогорку окуу жайлардын катарына кирген.
Стокгольм университети 1960-жылы университеттик статусун алып, төртүнчү байыркы жогорку окуу жайлардын бири болуп эсептелинет. Швециядагы башка мамлекеттик жогорку окуу жайлардай болуп, ал дагы сапаттуу окутууга жана изилдөөгө басым жасайт.