Стратегиялык товарлар
Көрүнүш
Стратегиялык товарлар – экспорттолушу көзөмөлгө алынган, чектелген (лицензияланган), ал тургай тыюу салынган чийкизаттар, жабдуулар, ноу-хау, технологиялар, мындай иш-аракет товардын же кызмат көрсөтүүнүн ээси болгон өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана экономикасына залал келтирбөө максатында жүзөгө ашырылат. Стратегиялык минералдык чийкизаттардын негизги түрлөрүнүн тизмеси төмөндөгүлөрдү камтыйт: мунайзат, жаратылыш газы, уран, марганец, хром, титан, жез, никель, коргошун, молибден, калай, цирконий, бериллий, сурма, литий, германий, алтын, күмүш, алмаз, өзгөчө тазалыктагы кварцтык чийкизаттар ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7