Мазмунга өтүү

Страхов Николай Михайлович

Википедия — ачык энциклопедия

Страхов Николай Михайлович - советтик геолог жана геохимик, СССР ИАнын акад.

  • Москва университетин бүткөн (1928).
  • 1934-жылдан СССР ИАнын Геол. институтунда иштейт.
  • Азыркы литологияны түзүүчүлөрдүн бири.
  • Байыркы чөкмө тектердин пайда болуу процесси аныктоодо салыштырма-литологиялык ыкманы пайдаланып өөрчүткөн.
  • Негизги эмгектери Каспий жана Кара дениздердеги, материктик ички көлдөрдөгү, о. эле Тынч, Атлантика, Инди океандарындагы азыркы чөгүндүлөрдүн генезисин изилдөөгө арналган.
  • Литогенездин 4 тиби жөнүндөгү идеяны негиздеп, диагенез, залогенез теорияларын иштеп чыккан.
  • Күйүүчү газ, туз, темир жана марганец рудаларын изилдеген.
  • Чөкмө тектердин геохимиясынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.
  • Лениндик (1961) жана СССР мамл. (1948) сыйл. лауреаты.
  • Страхов үч Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.