Мазмунга өтүү

Стробоскоп аспаптары

Википедия — ачык энциклопедия

Стробоскоп аспаптары – стробоскоп эффектисинде негизделген объектилердин мезгилдүү тез кыймыл-дарын байкоочу текшерме өлчөгүч түзүлүштөр.

Стробоскоп аспаптары механикалык жана электрондук системалардын термелүү жыштыгын, резонансты, механизмдер-дин айлануу санын, дирилдөөнү өлчөөдө пайдаланылат. Мезгилдүү кыймылдагы нерсе импульстуу жарык менен жарыктандырылат. Эгерде жарыктын импульстарынын жыштыгы f1, нерсенин мезгилдүү кыймылынын f жыштыгына барабар болсо, анда нерсе кыймылсыз тургандай сезилет. Эгерде f>f1 болсо, анда нерсе F=f–f1 жыштыгы менен жай кыймылдагандай болот. Азыркы С. а. механикалык, электрондук, электр-оптикалык, лезердик жана осциллографиялыкка бөлүнөт. Механикалык Стробоскоп аспаптары жарык механикалык обтюраторлор менен үзүлүп турат. Мындай прибор стробоскоп тахометри деп аталат. Мунун артыкчылыгы – айлануунун бурч ылдамдыгы объект менен тизмексиз өлчөнөт. Өлчөө диапазону 30–3000 рад/с. Электр оптикалык, электрондук Стробоскоп аспаптары чоң диапазондо так өлчөйт. Жарыкты берүү 2–2500 Гц. Наносекундалык диапазондо оциллограф колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]