Стробоскоп эффектиси
Стробоскоп эффектиси – кандайдыр бир нерсени үзгүлтүксүз эмес мезгилдүү кайталануучу кыска убакыт аралыгында байкоодо көрүнүүчү иллюзия.
Мис., оюктары бар айлануучу дискобтюратор аркылуу экрандын бетине сүрөттү проекциялаганда же караңгы бөлмөдө нерсени өтө кыска жарыктын жарк этиши менен жарыктандырганда пайда болгон жалган көрүнүш. Эгерде өчүрүү убактысы кичине болсо, анда көз сүрөттү дайыма көргөндөй болот. Бир канча сүрөттөрдө бир эле нерсенин (мис., адамдын) ар кандай абалдарын тартып, андан кийин обтюратордун алдынан өткөрсө, анда экрандан нерсе кыймылдагандай болот. Стробоскоп эффектисинин негизинде кинодо же телеткөрсөтүүдө кыймыл сезилет. Айрым учурда, кинолордо дөңгөлөктөрдүн айланбай же тескери багытта айланышын байкоого болот. Эгерде чабактын айлануу жыштыгы f1, жарык берүүнүн жыштыгы f болсо, f1=f шартында чабак кыймылсыз, ал эми f>f1 болгондо дөңгөлөк терс “айланып” калат. Стробоскоп эффектисин иш жүзүнө ашыруучу приборлор стробоскоп деп аталат. Алар бурч ылдамдыгынын индикатору катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0