Структурализм

Википедия дан

Структурализм - функционализмдин чегинде пайда болгон багыт.

Аны А.Радклифф-Браун негиздеген. Ал коомду айрым аракеттенген элементтердин структуралык жактан өз ара катышына ылайык адамдардын коомдук турмушунун белгилүү социалдык структуранын чегиндеги аракеттенүүсү катары элестетүүгө болот, - деп түшүнгөн. Ар бир кайталануучу ишмердиктин функциясы -социалдык маанилүү милдеттерди чечүү жана структуралык улануучулукту колдоо болот. Социомаданий турмушка функционалдык мамиле кылуу индивиддер социалдык турмушту өздөштүрүп, ага ыңгайлаша жана аны колдой ала турган туруктуу формаларды иликтөө дегенди билдирет. Ошондуктан этнология илиминин негизги милдети адам коомундагы жана анын маданиятындагы дайыма кайталанып туруучу структуралык өз ара байланыштарды көрсөтүү болуп саналат.

Бул идеяны Англияда Э.Эванс-Притчард, Францияда К.Леви Стросс уланткан. Башкы идеялары: - маданиятты белги системаларынын (тил, илим, искусство ж.б.) топтому катары кароо; - адамдардын жашоо тажрыйбасын, чогуу жашоо жана ишмердик кылуу тажрыйбасын маданий уюштуруунун универсалдуу принциптерин жана ыкмаларын издөө; - адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндө универсалдуу маданият уюштургуч универсалийлер бар; - маданияттын түрдүү түрлөрү менен типтеринин өнүгүүсүнүн шкаласын жана көз караштарды бирдей тартипке келтирүү мүмкүн эмес ж.б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.