Студенттердин эл аралык күнү

Википедия дан

Студенттердин эл аралык күнү - студенттердин эл аралык тилектештигинин күнү.

Фашизмге каршы күрөшкөн өлкөлөрдөгү студенттердин эл аралык жолугушуусунда Лондондо 1941-ж. уюштурулган. Бул кун (ар жылы 17-ноябрь) - Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан чехославакиялык баатыр студенттердин эстелигин түбөлук сактоо үчүн белгиленген. Анткени Чехословакияны оккупациялап алган фашист немец баскынчылары 1939-ж. 17-ноябрда Чехословакия студенттер союзунун жетекчилерин камап, атып, жогорку окуу жайларын жаап, минден ашык студент жана окутуучуларын концентрациялык лагерге айдаган.

Студенттердин эл аралык күнү биринчи жолу 1941-ж. белгиленген. Бул күндүн алдында тынчтык жана достук үчүн күрөштүн эл аралык студенттик жумалыгы (10-17-ноябрь) өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.