Студенттик билет

Википедия дан

Студенттик билет — студенттин ким экендигин ж-а окуу процессинин бардык мезгилинде окуу жайдын имаратына кирүү үчүн күбөлөндүрүүчү документ.

Студенттик билет — ЖОЖ орун алган территориядагы республиканын тилинде басылып жазылат, билетте кайсы ЖОЖдо, кайсы факультетте, канчанчы курста окуп жаткандыгы, студенттин курстан курска көчкөндүгү декандын колу м-н ж-а окуп жаткан окуу жайынын мөөрү менен бекитилет. Студенттик билет окуу жайын аяктагандан кийин алардын өздүк карточкасына кошуп, студенттин өздүк көктөмөсү менен окуу жайда сакталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6