Мазмунга өтүү

Стук

Википедия — ачык энциклопедия

Стук, стукко (французча  stuc, итал. stucco) – жасалга-көркөм искусство технологиясында жогорку сапаттагы шыбак; архитектуралык интерьерде жабыштырып жасоочу жана кооздоо иштериндеги материал. С-тун мыкты сорттору мармарды элестетет жана гипс менен майда талкаланган мармарга клей менен акиташ кошуп жасалат.

Стукошин, Фёдор Михайлович (1914, Смоленск облусу – 1974) – живописчи. 1936-ж. Омскидеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1940-ж. Фрунзеге келген. 1946-жылдан көргөзмөлөргө катышкан. 1949-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында 20 жыл эмгектенип, көптөгөн сүрөтчү кадрларды даярдаган. Кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхына С. согуштан кийинки жылдарда тарткан “Жомокчу” (1948), “Советтер Союзунун Баатыры М. Д. Сияниндин портрети” (1948), “Кырманда” (1949), “Жолчулар” (1950), “Металлург Мостанов” (1961) полотнолору менен кирген. С-дин “Кырманда” аттуу картинасы кыргыз жанрдык живописинин мыкты чыгармаларынын бири болуп эсептелет. Бул сүрөт толугу менен натурадан алынган. С. өзү жаңыдан согуш майданынан кайтып келип, бейпил турмуштун жыргалчылыгына суктанып, картинаны күн нурун, нандын жытын, эмгек шаңын толтуруп бере алган. О. эле С-дин чыгармачылыгында согуштагы каармандык темасы “Жеңүүчүнү тосуу” (1945), “Панфиловчулардын Дубосеково разъездинде салгылашуусу” (1963), “Панфиловчулардын анты” (1963) картиналарында орун алган. С-дин акыркы (бүтпөй калган) чыгармасы кыргыз жазуучусу С. Жусуевдин портрети болгон. С. жүздөгөн этюддардын автору. “Кызыл Жылдыз” ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]