Субанбеков Тойчубек

Википедия дан

Субанбеков Тойчубек - жазуучу.

Тойчубай Субанбеков Токтогул районундагы Ак-Чий айылында 1953-жылы 12-декабрда туулган.
Онунчу классты Торкен орто мектебинен бүтүрүп, колхоздор аралык курулуш уюмунда бетончу болуп иштеп, Советтик Армиянын катарында айдоочу болуп кызмат өтөгөн.
1980-жылы Кыргыз мамлекеттик универстетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, республикалык «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм баш-чы, «Эл жарчысы» жумалыгында, «Кырчын» журналында иштеген.
Алгачкы чыгармалары райондук, республикалык гезиттерде, «Жаш ленинчи» журналында, «Көктөм», «Учкун» альманахтарында жарыяланган.
Биринчи «Издер өчпөйт, издер жаңырат» аттуу аңгемелер жыйнагы 1986-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.
Публицистикалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып келет.
1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Издер өчпөйт, издер жаңырат: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 87 б.

Көөдүлдүн кыркалекей теректери: Повесть. «Ала-Too» журналы 1991.

Жүрөктөш жар: Чакан роман. – Б.: Салам, 1996. – 111 б.

Жээренче чечендин акыркы күндөрү: Роман. – Б., 1999.

Барс-бек кагандын көрөр көзү: Роман. – Б.: Айат, 2002. – 192 б.

Каратүлөк чоронун эрдиги: Роман. – Б.: Бийиктик, 2004. – 96 б.

Күнбосун ажо: Роман. – Б.: Гүлчынар, 2007. – 176 б.