Субъект (лингвистика)

Википедия дан

Субъект (лингвистика) - (лат. subjectum) - ой жүгүртүүнүн негизинде турган предметти билдирген логикалык термин.

Предикат менен карым-катышта. Логикалык теорияларда С. объектинин чагылдырылышы же чындыктагы объектинин өзү катары түшүндүрүлөт.

грамматикалык традицияларда " Субъект " термини ойдун (ой жүгүртүүнүн) предметин билдирүүчү сүйлөм мүчөсүнө карата колдонулган. Көптөгөн тилдерде бул термин калька менен алмаштырылып (кыргыз: "ээ", орус: "подлежащее"), логикалык жана грамматикалык категориялардын терминологиялык жактан аралашып кетүүсүнө жол берилген эмес. Батыш европа синтаксистик терминологиясында ойдун негизин ээлеп турган сүйлөм мүчөсү " Субъект " термини менен белгиленип келе жатат.

Субъект грамматикалык (сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүнө тиешелүү болуп, ээни билдирет), семантикалык (сүйлөмдүн маанисине тиешелүү болуп, кыймыл-аракетти же белгини алып жүрүүчү), коммуникативдик (кабардын темасы, маалымат), психологиялык (баштапкы элес), логикалык (сүйлөмдүн ой жүгүртүүнүн субъектисине дал келген бөлүгү) болуп бөлүнөт. Субъект сүйлөмдүн семантикалык жактан уюшулушунда маанилүү роль ойнойт. Анын негизги семантикалык функциясы болуп чындыктын сөз болуп жаткан предметин идентификациялоо эсептелет. Бул фукцияны аткаруу үчүн денотативдик мааниге ээ сөздөр: шилтеме жана жактама ат атоочтор, энчилүү аттар жана айрым жалпы аттар кызмат кылат. Өзүнүн мааниси (сигнификат) боюнча С. предикатка багытталат. Мындан сырткары, Субъект предметти аспектилөө (анын тектик же жекелик белгилерин көрсөтүү) жана анафора (кептин предмети жөнүндө буга чейин белгилүү болгон маалыматтарды билдирүү) функцияларына ээ. Бул үч функция: идентификациялоо, аспектилөө, анафора конкреттүү сүйлөмдүн Субъектне тиешелүү. Жалпы ой жүгүртүүлөрдүн калыптануусуна жана предметтик чындыктан алыстоосуна жараша Субъектинин ролу өзгөрөт да, аныктоочу ролго идентификациялоочу функция эмес, предикаттык багыт ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4