Сузак чопо кени
Көрүнүш
Сузак чопо кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Жалал-Абад шаарынан 20 км батышта, Акман бөксө тоосунун чыгыш жак этегинде. 1972-ж. геол. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагын палеоген-неогендин кумдук, чопо, конгломерат чөкмө тектери түзөт. Чопо катмарынын узундугу 1800 м, орточо калыңдыгы 23,3 м. Өңү кызгылтым, мала кызыл. Бирин-серин куму бар, сууда жакшы эзилип, чоюлган жумшак ылайды пайда кылат. Технологиялык жана химиялык касиети боюнча бул кендин чопосун Жалал-Абад кенинин кумайлуу топурагына 20%ке чейин кошсо «100», «150», «200» маркасындагы кирпичти алууга болот. Запасы А+В категориясы боюнча 911 миң м3, С1–1336 миң м3. Сол жана оң канаттарындагы уландысынан жана тереңдиктен запасын көбөйтүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7