Сузгу

Википедия дан

Бул — жыгач идиш. Тамакты сузууга (ошон үчүн сузгу), сапырууга, куюуга шартташкан идиш. Мунун кырбуусун да кештелеп коет. Түбүнө караганда оозу жука болот. Муну жасоо үчүн чеберлер болжолдо үч жарым карыш талды тепетең бөлөт. Эгер кыйган талыбыз ичке болсо, эки сузгу, төрт кашыкка чакталат. Тал жоон болсо, төрт сузгу чабылат. Талды кыйып келээри менен аны дароо чаба коет. Кан-сөөлү анча кача элек жыгач оңой чабылат. Ичи бычак, ийги аркылуу ийине келет. Анан идишти көлөкөдө он-он беш күнчө койсо, ал жарылбайт да, талаптагыдай кургайт. Сузгу менен кашыкты жасоого талдын кандайы керектигин чеберлер болжолдоп кыйышат. Алар анын атайын көчөттөрүн тигип өстүрүп да алышат.

Сузгуга узануу үчүн чеберге балта, араа, ийги гана кирет. Муну жыгаччылыкта жөнөкөй эле узануу деп атайт. Сузгу кырма, чалма, оймо идиштеринин бир түрү катары каралат. Узун саптуу, ичи ичтүү, жыгач кашык формасында жасалат. Муну айрым жерлерде сузгуну чөмүч деп тайпак да, ичи чуңкур да болот. Сабынын узундугу 30— 55 см, ичтүүлүгү 250—300 грамм болот. Тактап айтканда чөйчөк менен ичтеш келет.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)