Сулайманов Исраил

Википедия дан

Сулайманов Исраил (1919 –1989) - акын, жазуучу.

Исраил Сулайманов Кара-суу районунун Талдык айылында 1919-жылы туулган.
1934-жылы Жалал-Абаддагы педтехникумга тапшырып, аны бүтүргөн соң, Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мугалим болуп иштеп баштаган.
1940–1946-жж. Советтик Армиянын катарында, Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Украина, Белоруссия, Польшада болгон.
1946–1951-жж. Талдык айылындагы Киров атындагы толук эмес орто мектепте мугалим болуп иштеп,
1951–1955-жж. «Отуз-Адыр» орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы,
Кара-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор,
1958–1964жж. Кара-Суу райондук «Эмгек майданы», Ош облустук «Ленин жолу» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, кийин кыргыз радиосунун Ош облусу боюнча кабарчысы,
1967–1971-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүндө адабий кеңешчи,
1971–1976-жж. жооптуу катчы болуп иштеген.

И. Сулаймановдун биринчи ырлар жыйнагы «Ак була» деген ат менен 1963-жылы жарык көргөн. Чыгармалары орус тилине которулуп, өзү да котормо үстүндө иштеген.
1967-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
И.Сулайманов «Согуштагы каармандыгы үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн», «Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Германияны жеңгендеги салымы үчүн», «Артыкчылыгы үчүн» ж.б. медалдар менен сыйланган.
И.Сулайманов 1976-жылдан ооруп, анын айынан каза болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ак була: Ырлар. – Ф., 1963. – 41 б.

Токой күнгүрөнөт: Повесть, аңгемелер. – Ф., 1969. – 151 б.

Ал кайра келет: Аңгемелер. – Ф., 1971. – 164 б.

Мүнөздөр: Повесть, аңгемелер. – Ф., 1974. – 204 б.

Балдардын кенжеси: Повесть. – Ф., 1976. – 104 б.

Өжөр кишилер: Повесттер жана аңгеме. – Ф., 1980. – 280 б.

Повесттер. – Ф., 1982. – 232 б.

Алыс сапар: Роман. Ф., 1988. – 270 б.

Өмүр ыргактары: Лирикалык жана сатиралык ырлар. – Ф., 1990. – 86 б.