Сулайман Стальский

Википедия дан

Сулайман Стальский - Дагестан элинин атактуу акыны.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман Стальский 1869-жылы 18-майда Касумкент районунун Ашага-Стал айылында кедей үй-бүлөдө туулган. 13 жашка чыкканда атасынан жетим калып, дыйканчылыкта иштеп, андан кийин Бакудагы нефти өнөр жайына жумушчу болуп кирет. Бирок, ал жерде иштеген жумушчулар сыяктуу эле Сулайман да жарыган жок, миңдеген эзилген элдин ичинде эскиликтин тагы жүрөгүндө дат сыяктуу калган.Эрксиз турмуш ак-караны таанытып, пролетариат ким экенин түшүндүрдү. С. Стальский 1937-жылы дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акындын ырлары реализмге жык толгон, келечек турмушту алдын ала баяндаган. Өз убагындагы эски салт-санааны жек көргөн жана эзилген элдик жыргалчылыгын элестүү сүрөттөгөн.Октябрь революциясынан кийин анын ырлары кагаз бетинен орун алып, бүткүл элге даңкы жайылды.

Айрыкча анын М. Горький менен таанышуусу акындын поэзиясынын күчүн чыңап, идеясын толуктап, орус адабияты менен таанышуунун булагы болду. Жазуучулардын 1-съездинде М. Горький аны «20-кылымдын Гомери» деп атаган. 1935-36-жылы «Дагестан» аттуу хроника-поэма жараткан. Ал эми анын «Жумушчу» деген ырында эркиндикти колуна алган жумушчуну залкар, тоодой бийик, ачык асманга, шаркырап аккан кашка тунук сууга теңеп, ак ниет теңдикке күрөш менен жеткендигин баяндаган. Ырлары башка көп улуттардын тилдерине, анын ичинде Кыргыз тилине да которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СТАЛЬСКИЙ С. Ырлар, поэмалар / Котор.: К. Маликов. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 55 б.. ДАГЕСТАНЫМ (Ыр) / Котор. И. Исаков // Сов. Кыргызстан. - 1969. - 17- май; СУЛЕЙМАН Стальский // Сов, Кыргызстан. - 1969. - 17 - май; ТОКОМБАЕВ А. Алп адам // Ленинчил жаш. - 1969. -17-май. -№ 58. - Б. 4; УЛУУ ашуг: Дагестан эл акыны Сулейман Стальскийдин туулганына 100 жыл // Ала-Тоо. - 1969. - № 6. - Б, 431-135.