Сулайман-Тоо

Википедия дан
Сулайман Тоо‎»‎ барагынан багытталды)
Сулайман-Тоо
Жалпы маалымат
Өлкө:  Кыргызстан
Деңиз дэңгээлинен бийиктиги: 1176 м.
Узундугу: 3км
Туурасы 1,5-2км

Сулайман-Тоо — Кыргызстандын, Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик[1]. Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.Сулайман Тоо 2009 жылдын июнь айында ЮНЕСКОго катталган мемлекеттик биринчи эстелик

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын (Инжилдеги Соломон) аты менен байланыштуу. Акылмандыгы жана кең пейилдиги үчүн Кудай ага 500 жин зорго көтөрүп жүрө турган таштан жасалган так белек кылат. Пайгамбардын буйругу менен жиндер такты алыскы жакты көздөй көтөрүп жөнөшөт. Жүрүп отуруп, акыры абасы таза, чокусун кар баскан тоосу бар жерге алып келишет. Пайгамбар мына ошол жерди гүлзардуу жерге айланткысы келет. Бирок, мында суу жок болгондуктан, жиндерге мөңгүлөргө кеткен жолдогу тоскоолдуктарды жок кылып, дарыяга нук салууга буйрук берет. Ошентип, Ак-Буура дарыясы пайда болот. Ал эми пайгамбардын тагы коюлган тоо Сулайман так, Сулайман-Тоо деген атакка конот.

Сулайман тоо Өзгөн канынын вазири Султан Мази Сулаймандын (15-к-дын башы) ысмынан аталган. Вазир Сулайман тоону жайкы резиденциясына айландырган. Жергиликтүү эл жана четтен келгендер тоого чыгышып, жөн гана сейилдешкен.Эл көп каттагандыгынан пайдаланып, дин кызматкерлери тоону тотемдик даражага жеткиришип, ислам динин таратуучу майданга (аренага) айландырышкан. Дин кызматкерлери Сулайман пайгамбардын тактысынын табылгандыгы жөнүндө сөз таратышкан. Өзгөн вазири Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып, «ыйык» даңкка ээ болгон. З. Бобур тоого эс алып олтура турган жай (Кужура) курдурган. Азыр чокусуна түтүк менен суу чыгарылып,айланасына бак-дарак тигилип, жашылдандырылып, эмгекчилердин эс алуучу жайына айланды. Боорунан үңкүр казылган. Түштүк Кыргызстандын тарыхы менен тааныштыруучу бир нече залдан турган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылды. Сулайман-Тоо 1972-жылдан геологиялык заказник.

Географиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман-Тоо.

Сулайман-Тоосу (мурдагы Бера-кух) Ош шаарынын так ортосунда. Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундуг 3 км туурасы 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктик. 300–350 м. Палеозойдун акиташ тектеринен турат. Капталдары тик, аскалуу. Этегинде жана курчап турган түздүктөрүндө төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектери жатат. Тоо капталдарына майда бадал аралаш жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоонун чыгыш жана батыш тараптарында анчалык бийик эмес калдык тоолор (Ортотоо, Чилмайрам,Чилустун ж. б.) жайгашкан.

Чокулардын атталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман-Тоо

Тоодо 5 чоку бар: 1) Баара-Таг же Сулайман тоо. Мында Бабурдун үйү (музейи жайгашкан). 2) Шор-Таг (“Ак туздуу чоку” дегенди түшүндүрөт). 3) Рушан-Таг (“Эң бийик”, “эң жарык” деген маанини берет). 4) Ээр-Таг (“Ээрге окшош тоо”). Чокунун түндүк капталы көрүнүшүнө жараша Каттама-Таш деп аталат. 5) Кекилик-Учар.

Үңкүрлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1) Биринчи чокуда эки үңкүр жайгашкан. Түндүк жагындагы бирөөсү барууга мүмкүн эмес жерде. Аталышы да жок, изилденбеген дагы. Экинчиси – Чакатамар. «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Ал жерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам батчу тар жол менен сойлоп киресиң. Шам жаксаң ичинен ачылып турган китеп сыяктуу таш көрүнөт. Аалымдар анда курандын “Аятолл курси” аятынан үзүндү бар экендигин айтышат. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы таамып турат. Жайында боорун сыйпаласаң кол нымдашып калат. Тамчынын дарылык касиети бар делет. 2) Экинчи чокунун капталында Тепе-Үңкүр (Бийиктеги үңкүр) жайгашкан.

Ушул эле 2-чокуга Чилтен-Хан (Тешик-Таш деп да аталат) үңкүрү тийиштүү. Мунун 3 оозу бар. 

3) Үчүнчү чокуга тиешелүү кезектеги үңкүр Ишен-Үңкүр деген атка ээ (элдер “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” дешет). Ушул эле чокуда Руша-Үңкүрү (Бүркүттөр үңкүрү) да жайгашкан. Бул эң чоң үңкүр. Учурда мындай музей орун алган. Үңкүрдүн чыга беришинде петроглифтер сакталып калган. 5) чокуда жайгашкан үңкүр Хуркыз (Үркыздар же нур кыздар дегенди билдирет) деп аталат. Уламышка караганда, бул жерди Үркыздын жаны (духу) байырлайт.

Ыйык жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бел таштан бели, бөйрөгү ооруган адамдар 7 жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар 3 же 1 ирет сыйгаланууга тийиш. Маалыматтарга караганда, шыпаа тапкандар көп.
Кол таш деп аталган жайга сыйынганы келгендер ооруган колун салып, ичинен тилек тилешет. “Жакшылап көңүл бурган адам манжаларынын учу чымыраганын сезет” деп айтылат.
Бешик энеге балалуу болбой жүргөндөр көп келишет. Андагы көзөнөк ташты эки колу менен кармап, маңдайын ага тийгизип, ичинен тилек тилешет. Сыйынгандардын тилеги кабыл болгон мисалдар көп.
Хуркызга кыз-келиндер барышат жана өзүлөрүнүн аруу-тилектерин айтышып, Жараткандан аларды ишке ашыруусун суранышат. Эркектер сыйынуучу жай Кырк чилтен деп аталат. Уламышта бул үңкүр – жигит пири Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жоого аттанар эр-жигиттер ошол жерге барып сыйынышчу экен.

Сулайман тоо мечити же Бабурдун үйү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдагы 1000 сом

Бул жай ХVI кылымга таандык архитектуралык эстеликтин үлгүсү болуп эсептелет. Улуу Моголдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана ойчул Бабур Захиреддин Мухаммеддин үйүн эл Сулайман тоо мечити деп да аташат. Бубур айтылуу Амир Темирдин (убагында борбору Самарканд болгон Мавераннахр өлкөсүнүн ханы) урпагы болгон жана 1483-1530-жылдары жашаган. 11 жашында атасынын ордуна Фергананын ханы болуп дайындалган. Кийин Түндүк Индияны басып алып, анда Улуу Моголдор өлкөсүн негиздеген.
Бабурдун үйүнө барган сыйынуучулардын суранычы менен мечиттин ичинде отурган молдолор рухтарга арнап куран окушат. Бабур өзүнүн “Бабур-наме” деген китебинде Ош шаары жана Сулайман тоосу тууралуу жакшы пикирлерди жазып калтырган. Китебинде Оштун абасы таза, аккан суусу көп экендигин, тоонун кырына сөрүлүү имарат салдырганын да камтыган.
Атеисттер 1963-жылы Бабурдун үйүн буздуруп салышкан. Кийин 1991-жылы сакталып калган материалдардын жардамы менен бул тарыхый эстелик кайра калыбына келтирилген.

Сулайман тоосунда жогорудагылардан тышкары XVI кылымга таандык Рават-Абдулла хандын мечити жана XVIII кылымга таандык Асаф-ибн-Бурхиянын күмбөзү жайгашкан. Күмбөздүн кире бериши өтө кооз оймо-чиймелер менен кооздолгон.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоонун чокусунда Бабурдун башкаруусунда пайда болгон «Тахты Сулайман» мечити жайгашкан (1963ж. жардырылып, 1991ж. сакталып калган материалдардын негизинде кайра курулган).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. UNESCO World Heritage Centre - TripAdvisor pledges support to World Heritage