Түмөнбай уулу Султаналы

Википедия дан
Султаналы Түмөнбай уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Султаналы Түмөнбай уулу (туулган жылы белгисиз, Түп болушу, Талды-Суу айылы —1933) — Октябрь революциясына чейинки кыргыздын алгачкы белгилүү агартуучуларынын бири.
Ал Каракол шаарындагы жаңы ыкма (усули-жадид) менен окутуучу татар мектебин бүткөндөн кийин 1912-ж. Түп болушундагы Жайылма деген жерде бардар адамдын үйүндө мектеп ачып, бала окута баштаган. Кийинки жылы Талды-Сууда эки бөлмөлүү там үй куруп, бир бөлмөсүндө жалпы билим берүүчү сабактарды, 2 бөлмөсүндө динди окуткан. Султаналы балдарды эски ыкма (динди окутуучу) эмес, көбүнчө жалпы билим берүүчү эсеп, география, табият таануу, тарых сабактарын окуткан.
Казан, Уфа шаарында араб тамгасы менен татар тилинде басылып чыккан карталарды, глобусту, окуу китептерин кеңири колдонгон. Ал кыргыз ойчул акындарынын чыгармаларынан тышкары өзбек, казак жана башкалардын чыгаан ойчулдарынын да китептерин окуп эл арасында да агартуучулук иштерди жүргүзгөн. Султаналы 1920-жылдары Арашан, Талды-Суу айылдарындагы мектептерде мугалим, бөлүм башчы болуп иштеген.
Ал 1931-ж., жазыксыз камалып, башка жакка айдалып кеткен. 1933-ж. түрмөдө каза болгон. Кийин иши кайра каралып, акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.